Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Грецияда иш таштоо жана демонстрациялар өтүп жатат


Грецияда өкмөттүн антикризистик чараларына нааразылык ирээтинде иш таштоо жүрүп жатат. Афиныда депутаттар жаңы мыйзамды талкуулап жаткан парламенттин алдына миңдеген демонстрант чогулду.

Полиция имаратты темир тосмо, унаалар менен курчоого алды.
Коомдук транспорт, банктар, башка тармактардын кызматкерлери 24 саатка ишин токтотушту. Ооруканалар тез жардам гана көрсөтүп жатышат.

Премьер-министр Георге Папандреунун өкмөтү Евробиримдик жана Эл аралык валюта корунан жардам алуу үчүн салыктарды көтөрүп, мамлекеттик сарптоолорду азайтып, мамлекеттин карамагындагы ири мүлктү сатыкка коюшу керек.

XS
SM
MD
LG