Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:23

Пакистанда ракета аткылоосунан 10 киши мерт кетти


Пакистандын чалгындоо кызматы жана жергиликтүү жашоочулар Түштүк Вазиристан чөлкөмүндө божолу менен америкалык пилотсуз учак аткан ракетадан 10 киши окко учканын ырасташууда. 2 ракета Вана шаарынын жанында кетип бараткан унаага атылган. Андан 4 киши набыт кеткени кабарланууда. Көп узабай таасирдүү согушкер топтун ана башы Молдо Назирге таандык турак-жай комплескине дагы 2 ракета тийген. Дээрлик бир жылдан бери АКШ Пакистандын Ооганстан менен чек аралаш аймактарында жоочуларга каршы операцияларын күч алдырды.
XS
SM
MD
LG