Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, 2011-жылдын январь айында Кадамжайда убактылуу жашаган Өзбектсандын жарандары Жонибек Носиров жана Искандар Камбаровдун үйүнөн 609 даана китеп, 209 баракча, 3 блокнот, 3 дептер, 14 даана диск жана 3 даана графика табылган. Дептерлердин биринде Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак, Орозбеков, Жийделик айылдарынын картасы кол менен тартылган. Бул факт боюнча 2-февралда кылмыш иши козголуп, 5-февралда аларга Кылмыш кодексине ылайык, экстремисстик материалдарды сактоо, даярдоо жана таратуу, экстремисстик уюмдардын символикаларын жана атрибуттарын атайылап колдонуу айыбы коюлган. Соттук-теологиялык экспертизанын жыйынтыгында кармалган эки диск «Хизб-ут Тахрир» уюмуна тийиштүү экендиги, калган материалдар Иегованын күбөлөрү уюмуна таандык экендиги аныкталган.
Ишти караган Кадамжай райондук соту 18-майда бул эки жаранды күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучулар жана алардын жактоочулары соттун чечимин жокко чыгаруу арызы менен Баткен облустук сотуна кайрылып, иш каралып жатат.
Башкы прокуратура маалымдагандай, буга чейин айрым чет элдик интернет булактарында Кыргызстанда диний-экстремисттик материалдарды сактаганы үчүн эки Өзбекстандын жараны кармалганы туурасында маалымат тараган. Анда кармалгандар «Хизб-ут Тахрир» диний уюмунун мүчөлөрү эмес, Иегованын күбөлөрү диний уюмнунун өкүлдөрү болгондугу жана алардын үйүнөн табылган диний-экстремисттик материалдар милиция тарабынан атайы ташталганы көрсөтүлгөн. (AzK)