Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Селдин кесепетин жоюу боюнча түзүлгөн комиссия Лейлекке барат


Бул туурасында “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Бүгүн мекемелер аралык түзүлгөн комиссия Баткенде биринчи отурумун өткөрдү. Комиссия мүчөлөрү Лейлек районуна барып, өздөрүнө тиешелүү тармактар боюнча жакындан жардам көрсөткөнү жатышат. Ушул тапта тазалоо иштери улантылып, селдин кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелип жатат.

Аталган аймакта көнөктөп жааган жаандын кесепетинен 13-июнда сел жүргөн. Андан баш-аягы 230 үйдүн имараты жабыркап, суу үч жеңил унааны, 350дөй мал жандыкты алып кетти. Маалыматка ылайык, анда сегиз көчө, 2 мектеп, мечит жана дүкөндү суу каптап кеткен. Жалпысынан 80ден ашуун үй-бүлө зыян тарткан. Баткен облустук администрациясы сел 200 млн. сомдун тегерегинде чыгым алып келгенин билдирүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG