Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Президент шайлоого сырттан көз салат


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева мамлекеттик резиденцияда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал Убактылуу өкмөт менен мырзалык макулдашуу (Джентльмендик макулдашуу) бар экенин, ага ылайык президенттик шайлоого талапкерлигин койбой турганын билдирди. Мындан тышкары июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын ишине токтолгон президент анын төрагасы Киммо Килюнен туура эмес сындалып жатканын белгиледи.

Президент мамлекет эл аралык комиссияны чакырууга макул болсо, ал менен катар анын жыйынтыктарын да кабыл алуу керектигин билдирди. “Биз эл аралык укуктун алкагында аракет кылып жатабыз, азыр биздин соттор июнь окуясы боюнча иштерди акыйкат алып барышы керек. Улутуна карабай күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Эгер алар жазаланбаса, эл арасындагы ишеничти калыбына келтирүү оор болот”,-деди Отунбаева.

Буга чейин 26-майда Жогорку Кеңеш июнь окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди персона нон-грата деп жарыялап, Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган токтом кабыл алган. Буга "Килюнен пара алган" деген айрым маалымат булактары тараткан кабар, ошондой эле парламенттик көпчүлүктүн эл аралык отчет бир жактуу болгон деген бүтүмү себеп болгон. Киммо Килюнен өз дарегине айтылган сын-дооматтардын бардыгын четке кагаарын “Азаттыкка” билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG