Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

НАТО Каддафиге кысым жасоону улантууда


16-июнда таңга жуук НАТОнун учактары Муаммар Каддафинин Триполидеги резиденциясынын жанындагы объекттерге сокку урду. Бутага алынган жайлар жана келтирилген чыгым жөнүндө эч кандай маалымат жок. Каддафинин өкмөтү абадан чабуул тууралуу билдирүү жасай элек. Британия жана НАТО Каддафинин бийликтен кетирүү үчүн аскерий кысымды бошоңдотпоого чакырышты.

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Лондондо сүйлөп: "Каддафиге аскерий, дипломаттык, саясый жана экономикалык кысым өсүүдө. Каддафинин убакытысы аз калууда, достору азайууда, министрлери таштап кетүүдө. Мен кысым ушу калыбында турганын каалайм жана ливия элине өз келечегин тандап алууга жардамдаша аларыбызга ишенем,"-деди.

Африка Союзу ливиялык жарандарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн урушту тез токтотууга үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG