Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

Анкарада Сириядагы кырдаал талкууланды


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Сирия президенти Башар Асаддын чабарманы Хасан Түркменини кабыл алды. Шаршемби күнү шамдан кийин болгон сүйлөшүүдө сириялык оппозициянын нааразылык акцияларын кан төгүп басууну токтотуу жөнүндө сөз болгону маалымдалды.

Эрдоган мурда Ассадды элдик чыгууларды аскердин жардамы менен басууну токтотуп, саясый реформаны тездетүүгө чакырган. Кабарларга караганда, армиянын чабуулунан корккон 8, 5 миңдей сириялык Түркияга качып өткөн.

Адам укугун коргоочулардын билдиришинче, мартта Сирияда толкундоолор башталгандан берки кагылышууларда 1300дөн ашуун жаран, ошондой эле 300дөн ашуун аскер жана полициячы курман болгон.

XS
SM
MD
LG