Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:43

Гейтс: Карзай 2014-жылы президенттиктен кетет


Вашингтон он жылга жакындап бараткан Ооганстандагы согушта президент Карзайдын сөзүн көп учурда укпай коюп, “жакшы иш кылган эмес”. Мындай пикирин АКШнын жакында июндун аягында кызматтан кетчү коргоо министри Роберт Гейтс шаршемби күнү Сенаттын коргоо иштери боюнча субкомитетиндеги талкууда билдирди. Анын бир мисалы ирети, АКШнын Ооганстанда жеке менчик компаниялар жалдаган күзөтчүлөрдүн айланасындагы чатактарды айтты. Гейтстин сөзүнчө, Хамид Карзай ага, Ооганстандын Конституциясына ылайык, 2014-жылы президенттиктен кетээрин айткан. Мурда Карзай бийликте калуу үчүн Конституцияны өзгөртүшү ыктымал деген кыңыр кептер болгон.

XS
SM
MD
LG