Пакистан армиясынын командачысы, генерал Ашфак Каяни чукул арада кызматынан ажырап калышы этимал. Бул жөнүндө таасирлүү америкалык гезиттер Ак үйдөгү ырасмий булактарга шилтеп кабарлашты. Алардын жазышынча, генерал Каяни Кошмо Штаттар менен аскерий кызматташууну кескин азайтууну каалашкан мартабалуу генералдардын катуу кысымына кабылган.
Маалыматка караганда, пакистандык генералдар Вашингтондун “ал-Кайиданын” ана башы Усама бин Ладенди жок кылуу боюнча операция тууралуу кабарлап койбогонуна өтө нааразы. Бин Ладен 2-майда Пакистанда өлтүрүлгөндөн кийин Исламабад-Вашингтон мамилеси кескин осолдоп кеткен.