Бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бир күндүк иш сапар менен Баткен облусуна жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы, Атамбаев селден жабыркаган жерлерде болуп, алардын абалы менен жеринен таанышарын, жардам берүү маселелерин чечээрин кабарлады. Премьер-министр андан кийин Сүлүктүгө барып шаардын абалы, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишинен кабар алмакчы. Ушул аптанын башында нөшөрлөп жааган жаандан Баткендин Лейлек жана Сүлүктү райондорун сел каптады. Андан там-таш жабыркап, эки адам каза болду. (EBM)