Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Базар-Коргон аймагында сел жүрдү


Базар-Коргон районунун айрым аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов кабарлады. Маалыматка ылайык, кечээ (17-июнда) нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селдин кесепетинен райондогу Базар-Коргон-Арсланбап унаа жолу шагыл-таштарга толуп, бул каттам убактылуу жабылды.

Учурда аймакта тазалоо иштери менен бирге, селдин кесепеттери, жарандардын турак-жайларына зыян келтирип келтирилбегени текшерилүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG