Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Бишкекте “Бета Сторес” соода борборунун алдында митинг өтүп жатат


Бир катар жаштар уюмдарынан түзүлгөн топ түрк жаранынан зомбулук көрдү делген Чолпон Орузбаеванын таламын талашып, Бишкектеги “Бета Сторес” соода борборунун алдына митингге чыгышты.

Бул тууралуу “Ак Шумкар Кут” уюмунун өкүлү Айбек Саипов “Азаттыкка” билдирди. Чогулгандар тез арада Орузбаевага кол көтөрдү деп шектелген Гүнеш Йылмазды камоону жана Чолпон Орузбаевага ал иштеген "Бета-Сторес" соода түйүнүнүн администрациясы тарабынан компенсация төлөтүүнү талап кылышууда. Акцияга жүзгө чукул адам катышууда.

Апрель айында “Бета Сторес” дүкөнүнүн кызматкери Гүнеш Йылмаз аттуу түрк жараны сатуучу кыз Чолпон Орузбаеваны сабап салганы тууралуу кабарланган.

Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында сатуучу кыздын ден-соолугуна катуу залал келтирилгени аныкталып, бул ишти караган Биринчи май райондук соту Түркиянын жаранын 2 айга чейин убактылуу тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Бирок Гүнеш Йылмаздын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылып, жыйынтыгында ал өлкөдөн чыгып кетпөө кепилдиги менен коё берилген.

Буга байланыштуу Чолпон Орузбаева Жогорку Сотко кайрылган. 7-июнда Жогорку сот Чолпон Орузбаеванын арызын карап, буга чейинки Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бирок акыркы соттук отурумга Гүнеш Йылмаз келген эмес. Йылмаз болсо Чолпон Орузбаевага карата эч кандай күч колдонбогонун буга чейин “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG