Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Президент тил маселесине кайрылды


Башталгыч мектепти бүткөн окуучулар кыргызча билиши керектигин президент Роза Отунбаева Кыргызстан элдери Ассамблеясынын бүгүн Бишкекте өткөн курултайында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы башталгыч классттарды бүтүргөн бардык улуттагы окуучулар кыргыз тилинде жөн гана сынак тапшырбастан, бул тилди өздөштүрүп чыгышы зарыл. Ал үчүн башка өлкөлөрдө болгон, бирок Кыргызстанда жок болгон таасирдүү окутуу усулдары керек. Президенттин айтымында, кыргыз тили улут аралык баарлашуу тилине айланып, элдин ынтымагын бекемдөөгө шарт түзөт. “Биз бардык мамлекеттик башталгыч билим берүү тармактарын аныктап, кыргыз тилине өткөрүшүбүз керек”,-деди Отунбаева.

XS
SM
MD
LG