ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, ушул тапта Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында иш алып барып жаткан уюмдун 23 кеңешчиси ишин жылдын акырына чейин улантат. Кеңешчилер бул убакыт ичинде Кыргызстандагы ички иштер органдарын реформалоо багытында кеңеш-пикирлери менен бөлүшмөкчү.
“Бул кеңешчилерди ЕККУ полициялары менен алмаштырбоо керек. Кеңешчилер жөн гана кеңеш берүү менен чектелишет”, - дейт уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Светлана Левина.
Ушул айдын башында ЕККУ кеңешчилеринин ишмердиги Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде талкуу жараткан. Натыйжада Ош жана Жалал-Абадда тартип коргоо органдарына көмөктөшүү үчүн иштеп жатканы айтылган ЕККУдан келген 23 кеңешчилерин ким чакырып, аларга ким уруксат бергенин иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. (KKs)