Жогорку Кеңеш жума күнү үчүнчү окууда кабыл алган «Уюшма кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдыын негизинде Кыргызстанда уюшма кылмыштуулукка каршы аракеттин укуктук мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул туралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эми кабыл алынган мыйзамдын натыйжасында кылмыштуу уюмдардын мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартууга толук мүмкүндүк түзүлүүдө.
Кыргызстанда жыл башында уюшма кылмыштуу топторго карата күрөш башталганы кабарланган. Соңку маалыматтарга ылайык, бул күрөштүн натыйжасында кеминде 170тен ашык кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалган. (KKs)