Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Манасчы Уркаш Мамбеталиевдин сөөгү 20-июнда жайына берилет


Манасчы Уркаш Мамбеталиевди (1934-2011) акыркы сапарга узатуу боюнча расмий уюштуруу комитети түзүлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мындай буйругун премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин чыгарып, ага ылайык Кыргызстандын Эл артисти, манасчы Уркаш Мамбеталиев менен коштошуу иш-чарасы Бишкектеги Опера жана Балет театрында 20-июнда өтө турган болду.

Манасчы жана маданият ишмери Уркаш Мамбеталиев кечээ (18-июнда) Кыргызстан элдери ассамблеясынын курултайына катышуу үчүн келгенде капысынан көз жумган.

Уркаш Мамбеталиев Кыргыз мамлекеттик филармониясында узак жылдар иштеп, "Манас" дастанын эл аралык деңгээлде таанытууга өнөрпоз жана дастан айтуучу катары зор салым кошкон. (KKs)

"Азаттыктын" архивинен: Манасчы Уркаш Мамбеталиев Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган. Эмгек жолу 1957-жылы Ысык-Көл драма театрында башталган. Кийин Т.Сатылганов атындагы кыргыз филармониясына "Манас" боюнча солист болуп кабыл алынган.

У.Мамбеталиевдин айтуусунда
"Манас" эпосунан "Манастын колунун Чоң казатка аттанышы", "Колдун жолдо жүрүшү", "Алманбет менен Чубактын жол талашы", "Кичүү казат", "Көкөтөйдүн ашынан" деген үзүндүлөр Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын "Манас" бөлүмүнө кабыл алынган.

Уркаш Мамбеталиевге 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Эл артисти деген ардактуу наамдар ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG