Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

20-июнда Жаштар парламентинин расмий ачылышы болот


Бул тууралуу долбоордун уюштуруучусу Демократияны колдоо коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Жолдошова “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, алгачкы жаштар парламентинин ачылышы Жогорку Кеңештин борбордук жыйындар залында өткөрүлөт. Ага парламент спикери Ахматбек Келдибеков баштаган бийлик өкүлдөрү, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен катышаары күтүлүүдө.

Кыргызстандын аймактарынан тандалып алынган 58 улан-кыздар ай сайын бир жумадан отурумга чогулуп, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат. Ал мыйзам долбоорлор Жаштар иштери боюнча министрлик аркылуу парламентке сунушталмакчы. Жаштар парламентинин иштөө мөөнөтү жарым жылга пландалган.

Бул долбоор Демократияны колдоо коомдук фондунун демилгеси менен ЮСАИДдин жана АКШ элчилигинин демократиялык комиссиясынын колдоосу астында түзүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG