Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Жапония: “Фукусима” станциясын тазалоо кийинкиге жылды


Марттагы зилзала менен топон суудан жабыр тартан «Фукусима» атомдук станциясын радиактивдүү суудан тазалоо иштери башталаары менен 1 сааттан кийин кайра токтотулду.

Токио Электр кубат компаниясынын (TEPCO) маалымат катчысы радиактивдүүлүктүн деңгээли өтө тездик менен жогорулап кеткендигин билдирди:

"Азырынча бизде станциянын ичиндеги сууну тазалоо кайра качан башталаары белгисиз", деди Матсумо.

Жапон расмийлери «Фукусима Дайичи» станциясындагы өрттү басуу үчүн деңизден тонналап суу куюлуп, анын кесепетинен имараттын ичинде уулуу заттарга толгон суу көлмөлөрү пайда болгон.

XS
SM
MD
LG