Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Укук коргоочу Елена Боннэр 88 жаш курагында дүйнө салды


Орусиянын чыгаан укук коргоочусу Елена Боннэр 18-июнда АКШнын Бостон шаарында 88 жашында дүйнөдөн кайтты.

Елена Боннэр укук коргоочу жана академик Андрей Сахаровдун жесири. Ал совет доорундагы диссиденттик кыймылдын бараандуу өкүлү деп саналат.

"Орусия мени таңкалдырбайт. Орусия такай көрөңгөсүз иштерди жасайт. Кытай мени капа кылды. Анткени Кытай канчалык алдыга бараткан өлкө болгону менен экономикалык өнүгүү саясий өзгөрүүсүз мүмкүн эмес. Эгер бул эки тармактын каршылашуусу боло берсе, анда эски саясат жеңет. Мен ушундан корком» - деп айткан Е.Боннэр өткөн жылдын декабр айында "Азаттыкка"

Маркумдун керээзи боюнча анын сөөгү Орусиянын борборуна алынып келинип, Востряков көрүстөнүнө коюлат. Бул көрүстөндө Андрей Сахаровдон тышкары, ата-энеси да коюлган.

XS
SM
MD
LG