Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Кызыл Чырым сириялыктарга жардам бергиси келет


Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жетекчиси Якоб Келленбергер Сириянын лидерлери менен жолугушуу үчүн Дамаскиге барды. Сүйлөшүүлөрдө өлкөдөгү гуманитрадык кырдаал талкууга алынмакчы. Комитет зомбулуктан жабыркаган элге жардам берүүгө даярдыгын билдирип келатат. Бирок жардамга муктаж элге жетүү кыйын болууда. Армия Түркияга агылган качкындарга жолтоо болууга арактетенүүдө.

Антиөкмөттүк акциялар башталган март айынан бери Сирияда, айрым маалыматтарга ылайык, 1 миң 309 карапайым киши жана 341 тартип коргоочу набыт кетти.

XS
SM
MD
LG