Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Испаниялык демонстранттар саясатчыларды айыпташты


Испаниянын булуң-бурчунда кечээ массалык демонстрациялар болду. 60 чакты шаардын көчөлөрүнө миңдеген киши чыгып, саясатчыларды, банкилерди экономикалык кризис үчүн айыпташты. Демонстранттар ошондой эле демократиялык реформаларды талап кылышты. Полициянын санактарына караганда, Мадриддеги акцияга 40 миңдей киши, Барселонада 20 миңге жакын, Гранадада – 18 миң киши катышты. Миңдеген киши Валенсия, Севилья, Билбао шаарларынын көчөлөрүнө чыкты. Демонстрациялар тынч өткөнү кабарланууда. Чогулгандар жалпы иш таштоого жана "революцияга" үндөгөн манифестти окушту. Евро мейкиндике кирген өлкөлөр арасында Испания жумушсуздуктун деңгээли боюнча биринчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG