Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Эл аралык коомчулук Боннэрди жоктоп жатат


Кошмо Штаттары россиялык укук коргоочу, академик Андрей Сахаровдун жесири Елена Боннэрдин каза болушуна байланыштуу кайгысын билдирди. Мамлекеттик департаменттин жекшемби күнкү билдирүүсүндө Боннэр “дүйнөдөгү укук коргоочулар кыймылынын тарыхында маанилүү орунду ээлеп” келгени айтылат. Ага чейин Европарламенттин жетекчиси Ежи Бузек “дүйнө адам укуктары үчүн ынтызарлуу жана ырааттуу күрөшүп келген инсандан айрылды” деген. Боннэр ишемби күнү АКШда 88 жаш курагында көз жумган. Анын күлү керээзине ылайык, Москвадагы Востряково көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG