Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Жалал-Абадда Ташиевдин жактоочулары митингге чыкты


Облустук акимчиликтин алдында Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевди колдогондордун нааразылык жыйыны башталды. Облустук Ички иштер башкармалыгынан эки боз үй тигилип, 500дөн ашуун адам чогулганын “Азаттыкка” билдиришти. Алар бийликтен Ташиевди куугунтуктоону токтотуп, апрель, июнь окуяларындагы күнөөкөрлөрдү таап жоопко тартууну талап кылып жатышат.

Ташиев жума күнкү парламенттин жыйынында депутаттык кол тийбестиктен баш тартканын жарыялаган. Андан мурдарак Башкы прокуратура “Ата-Журттун” лидерин кылмыш жообуна тартууга макул берүүнү сурап парламентке кайрылган болчу. Ташиев “бирөөнүн денесине атайлап оор залал келтирген” деп айыпталып жатат. Күнөөсү далилденсе Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 6 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. (EBM)

XS
SM
MD
LG