Абдылас Малдыбев атындагы Улуттук опера жана балет театрында манасчы Уркаш Мамбеталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов баштаган аткаминерлер, маданият жана искусттво ишмерлери катышууда. Манасчынын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Уркаш Мамбеталиев 18-июнда Кыргызстан эл ассамблеясынын жыйыны маалында капыстан дүйнө салган. (EBM)
Уркаш Мамбеталиев 18-июнда Кыргызстан эл ассамблеясынын жыйыны маалында капыстан дүйнө салган. (EBM)