Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Ташиев сурак берип жатат


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ташиев өзү билдирди. Буга чейин Башкы прокуратура “Ата-Журттун” лидерине “бирөөнүн денесине атайлап оор залал келтирген” деген негизде кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ташиевди жоопко тартуу үчүн депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчүн парламентке жөнөткөн. 17-июндагы парламент жыйынында Ташиев кол тийбестиктен өзү баш тартканын жарыялаган.

Учурда Жалал-Абадда Ташиевдин тарапкерлеринин нааразылык жыйыны өтүп жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров ага миңге чукул адам катышып жатканын “Азаттыкка” билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG