Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Оштун борбордук аянтында НТСтин оператору сабалды


НТС телеканалынын кабарчысы Чынара Сыдыкова бүгүн аталган телеканалдын операторун Ош шаарындагы борбордук аянтта чогулган адамдар тегеректеп алып сабап салышканын “Азаттыкка” билдирди. Сыдыкованын айтымында, учурда алар облустук ооруканада операторду дарыгерлерге көрсөткөнү жатышат, андан кийин милицияга арыз жазышат. "Аянтта 100дөй адам чогулуп турган, НТСтин чыгармачыл тобуна капыстан келип кол салышты, биз саясий эмес, "Рентген" деп аталган программа тартып жүргөнбүз", - дейт Сыдыкова. Бүгүн борбордук аянтта “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жана депутат Жылдыз Жолдошеванын тарапкерлери нааразылык жыйынын өткөрүп жатканы кабарланган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG