Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Борбор Азия: Маңзаттардын 25% Кыргызстан аркылуу ташылат


Бул тууралуу Наркосаясат боюнча борборазиялык борбордун жетекчиси Александр Зеличенко “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жылына Кыргызстан аркылуу Ооганстандан 20 тоннадай мыйзамсыз маңзат ташылат, бул аталган жумурият аркылуу тараган маңзаттардын 25 пайызын түзөт. Наркобизнесте жылына миллиарддаган доллар киреше түшүп тургандыктан аны ооздуктоо кыйын, дейт Зеличенко.

Бүгүн түштөн кийин Кыргызстанга Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Даниэль Розенблюм баштаган делегация келди. Аталган кызматтан билдиришкендей, Розенблюм АКШ мамдепартаментинин Европа жана Евразия өлкөлөрүнө жардам берүү программасынын координатору. Жолугушууларда Кыргызстандагы баңги заттар багытындагы абал, мамлекеттик кызматтын ишин күчтөндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG