Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Текебаев: Президенттик шайлоо 20-ноябрда өтүшү мүмкүн


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу боюнча комитетинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев аталган комитет ушундай чечимге келгенин маалымдады.

“Президент шайлоо боюнча мыйзамга каршы пикирин билдиргенде, шайлоого карата даярдыкка мөөнөт жетпей калат го деген кабатырлануусун билдирген. Ошонун негизинде комитет Президенттин жана Премьер-министрдин өкүлдөрү менен бирдикте макулдашылган вариант иштеп чыкты. Мына ошондо өткөөл жобого быйылкы жылкы президенттик шайлоо ноябрдын 3-жекшембисинде болот деген норма коюлду”, - дейт депутат.

Анын айтымында, бул вариант Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына бейшемби, 23-июнда алынып чыгат. Эң акыркы чечим парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынат. (МТо)

XS
SM
MD
LG