Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Оштогу митингде НТСтин 2 кызматкери жабыркады


Бул тууралуу “Азаттыкка” НТС телеканалынын продюсери Айдай Ивакова билдирди. Анын айтымында, телеканалдын оператору Владимир Безбородов Ош шаарындагы митинг учурунда ошол жерде акча таратып жаткандарды тасмага тартуу учурунда ур-токмокко алынган. Ошол учурда операторго болушмакчы болгон кабарчы Чынара Сыдыкова да жабыр тарткан.

Ал эми НТСтин жабырланган кабарчысы Чынара Сыдыкованын "Азаттыкка" айтканына караганда, аларга бир топ адам кол салышкан.

"Аянтта 100дөй адам чогулуп турган, НТСтин чыгармачыл тобуна капыстан келип кол салышты, биз саясий эмес, "Рентген" деп аталган программа тартып жүргөнбүз", - дейт Сыдыкова.

Бүгүн борбордук аянтта “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жана депутат Жылдыз Жолдошеванын тарапкерлери нааразылык жыйынын өткөрүп жатканы кабарланган болчу. (EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG