Жаңы изилдөөгө караганда, дүйнөдө эң көп журналисттер Иран менен Кубадан башка өлкөлөргө бозгунга кетүүгө мажбур. Журналисттерди коргоо комитети соңку 12 айда 70ке жакын журналист башка жерлерге баш калкалоого аргасыз болгон, алардын жарымынан көбү Иран жана Кубадан деп жазат. Кабарчылардын көбү соттолуу коркунучунан улам өлкөсүнөн качышса, калгандары коркутуп-үркүтүүлөргө, же уруп-сабоолорго туш болгондуктан кетишет. Уюм документалдуу түрдө катталган учурларды гана санаган. Башка булактар сүргүндөгү журналисттердин саны мындан да көп деп ырасташат.