Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Парламент комитети президенттик шайлоо күнүн белгиледи


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү деп 20-ноябрды белгиледи. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди.

“Президент шайлоо боюнча мыйзамга каршы пикирин билдиргенде, шайлоого карата даярдыкка мөөнөт жетпей калат го, деген кабатырлануусун билдирген. Ошонун негизинде комитет президенттин жана премьер-министрдин өкүлдөрү менен бирдикте макулдашылган вариант иштеп чыкты. Мына ошондо өткөөл жобого быйылкы жылкы президенттик шайлоо ноябрдын 3-жекшембисинде болот деген норма коюлду”, - дейт депутат.

Анын айтымында, бул долбоор Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына бейшемби, 23-июнда алынып чыгат. Эң акыркы чечим парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынат. (МТо)

XS
SM
MD
LG