Кыргызстандын Азирети Муфтийи Чубак ажы Жалилов Манас аба майданындагы “Манас” жүк ташуучу борборунун жетекчилиги менен жолугушууда ушундай сунуш киргизди. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев билдирди.
“Базада 750 кыргызстандык иштейт экен. Алардын арасында мусулмандар да бар. Муфтият алардын арасында намаз окугандар бар болсо алар үчүн намазкана ачуу сунушун киргизди. Эгер сунуш колдоого алынса намазкананы уюштурууга жардам берерин айтты”, - дейт М.Мамбеталиев. Ал мындан тышкары бул жолугушууда АКШдагы мусулмандар, Араб дүйнөсү, эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланганын кошумчалады. (МТо)