Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

“Бакыт баарына жетет” акциясы башталды


Акция төрт күнгө созулуп, анын алкагында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында тынчтыкты даңазалаган жөө жүрүш, фотокөргөзмө, концерттер уюштурулат. Акция Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча түптөлгөн мамлекеттик дирекциянын бир жылдыгына арналып өтүүдө. Ага ыктыярчы жаштар, эл аралык жана жергиликтүү уюмдар өкүлдөрү катышууда.

Акция алкагында былтыркы июнь коогасында үйсүз калган Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тургундары үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычтары ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча түптөлгөн мамлекеттик дирекциясынан билдиришти. (EK)

XS
SM
MD
LG