Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Атамбаев Путинге көнүл айтуу катын жолдоду


Петрозаводскто болгон авиакырсык боюнча өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев орус премьер-министри Владимир Путинге көңүл айтуу катын жолдоду. Атамбаев кыргызстандыктардын атынан кырсыкта жакындарын жоготкондорго көңүл айтып, бул кайгыны тең бөлүшүү ниетин билдирди.

Өткөн түнү Карелиянын Бесовец айылынын аймагында Москва – Петрозаводск багытындагы Ту-134 учагы кулап түшүп, андан кеминде 44 адам каза тапканын кабарланууда. 8 киши оор жаракаттар менен бейтапканага жеткирилди. Бардыгы болуп учакта 52 киши бар болгондугу маалым болду. (EK)

XS
SM
MD
LG