Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

УКМК: Бабановдуку делген үн тасма жасалма болуп чыкты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов экс-президенттин уулу Максим Бакиев менен сүйлөштү делген аудио курамаланган, жасалма аудио экендигин тастыктады.

Сөз жүрүп жаткан аудио 25-майда You Tube интернет-порталына жүктөлгөн. УКМК бул аудио монтаж жолу менен куралганын белгилеп, ага экс-президенттин уулу Максим Бакиев менен иниси Жаныш Бакиевдин мурда сүйлөшкөн телефондук сүйлөшүүлөрүнөн үзүндүлөр чапталганын, Бабановдун үнү делген жерлерге биринчи вице-премьер-министрдин Стан ТВ каналына 6-июнда берген интервьюсунан кесиндилер коюлганын тастыктаган.

Аудио интернетке Кыргызстандан чет жерде жүктөлгөндүгү аныкталды.

Буга чейин бул аудио боюнча УКМК кызматкерлери депутат Өмүрбек Абдрахмановдон сурак алуу аракетин жасашкан. Ошондой эле анын жардамчысы Урмат Иманалиевге алты саат сурак жүргүзгөн.

Себеби маалымат каражаттарына бул чулгандуу аудио Иманалиев аркылуу тараган. Депутаттын жардамчысы аудиого эч тиешеси жоктугун билдирип, бул аудионун интернеттеги шилтемеси ага смс аркылуу келгенин айтууда. (EK)

XS
SM
MD
LG