Аталган бирикменин мүчөсү Субанбек Исмакеев эртең Жогорку Кеңешке жети талап койгон митинг уюштурулаарын "Азаттыкка" билдирди. Алар: кыргыз жарандарынын укугун өлкө ичинде жана сыртта коргоо боюнча тартип-көзөмөлдү күчөтүү; кыргыз – кытай темир жолунун курулушун токтотуу; Кыргызстанга куруу болжолдонуп жаткан биологиялык лабораториянын курулушуна жол бербөө; “Кумтөр” алтын комбинатынын иштөө келишимин жокко чыгаруу; стратегиялык жактан маанилүү мамлекеттик объектилерди сатууга тыюу салуу; Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө карата экономикалык кызыкчылыктардын себептерин түшүндүрүү; банктарга карыз адамдардын кредит төлөө мөөнөтүн узартууга, күрөөгө коюлган үйлөрдү тартып алууга жана айып төлөмдөрдү (пеня) төлөтүүгө мораторий киргизүү. (EK)