Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Сирияда эл душмандарын издөө улантылууда


Сириянын коопсуздук күчтөрү Түркияга чектеш шаар-кыштарда элди тазалоону улантууда. Оппозициянын айтымында, дүйшөмбү күнү Алеппо шаарында он студент камакка алынган. Алеппо университетинде болгон демонстрацияда президент Башар Ассаддын 20-июнда сүйлөгөн сөзүн “куру убада” дешип сындалган эле. Ассад үч ай мурда өкмөткө каршы чыгуулар башталгандан бери үчүнчү жолу жалпы элге кайрылып, реформа жүргүзөм деп кайрадан убада кылды. Кошмо Штаттар Сирия президентин “сөздү коюп, ишке өтүүгө” чакырган.

XS
SM
MD
LG