Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

АКШнын Коргоо министрлигин Леон Панетта жетектейт


АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы аскерлерди чыгаруу планын аныктады. Бул тууралуу Ак Үйдүн маалымат катчысы Жон Керни билдирди. Бирок ал долбоордун чоо-жайын ачыктаган жок. Обама билдирүүсүн эртең жасайт. Ал аралыкта АКШ Сенаты Пентагондун башчылыгына көрсөтүлгөн Леон Панеттанын талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Борбордук чалгындоо кызматынын – ЦРУнун мурдагы жетекчиси 30-июнда пенсияга кетип жаткан Роберт Гейтсти алмаштырмакчы. Ал эми ЦРУнун жетекчилигине эл аралык күчтөрдүн Ооганстандагы кол башчысы генерал Дэвид Петреус келет деп күтүлүүдө. 73 жаштагы Панетта ондогон жылдардан бери саясатка аралашып, ар кандай кызматтарды ээлеп келген.

XS
SM
MD
LG