Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Жогорку Кеңешке 7 талап коюлуп жатат


Бүгүн (22-июнда) Жогорку Кеңеш имаратынын алдында өлкөдөгү бир катар коомдук уюмдардын башын бириктирген “Кыргызстандын жаңы күчтөрү” аттуу коомдук бирикмеси митинг өткөрүп, парламентке 7 талап коймой болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бирикменин мүчөсү Субанбек Имакеев билдирди.

Имакеевдин айтымында, Жогорку Кеңешке кыргыз жарандарынын укугун өлкө ичинде жана сыртта коргоо боюнча тартип-көзөмөлдү күчөтүү; кыргыз – кытай темир жол курулушун токтотуу; Кыргызстанга курулушу болжолдонуп жаткан биологиялык лабораториянын курулушуна жол бербөө; “Кумтөр” алтын комбинатынын иштөө келишимин жокко чыгаруу; стратегиялык жактан маанилүү мамлекеттик объектилерди сатууга тыюу салуу; Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө карата экономикалык кызыкчылыктардын себептерин түшүндүрүү; банктарга карыз адамдардын насыя төлөө мөөнөтүн узартууга, күрөөгө коюлган үйлөрдү тартып алууга жана айып төлөмдөрдү (пеня) төлөтүүгө мораторий киргизүү өңдүү талаптар коюлуп жатат.

“Биз талаптарды билдирип эле тим болбостон депутаттар менен жолугушканга аракет кылабыз. Анда жогоруда айтылгандардын зыяндуулугун далилдеп, өз сунуштарыбызды да беребиз”, - дейт С.Имакеев. (МТо)

XS
SM
MD
LG