Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Орусияда Ата мекендик согуштун курмандыктарын эскерип жатышат


Согуштун башталганынын 70 жылдыгында анын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өлкөнүн бир топ шаарларында өткөрүлүүдө. Президент Дмитрий Медведев Москвада белгисиз аскердик айкелине гүл чамбарын коет. 1941-жылдын 22-июнунда таң эртелеп нацисттик Германия Советтер союзуна кол салган.

Бул күндү Орусияда жана постсоветтик аймактагы көпчүлүк мамлекеттеринде Экинчи дүйнөлүк согуштун башталган күнү катары билишет. Расмий маалыматтарга ылайык, согушта 25 млн.советтик жаран набыт болгон.

Бүгүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Владимир Путин: "Тарыхты бурмалоо аракетинин кесепети канчалык оор болушу мүмкүн экенин жакшы түшүнүшүбүз керек, - деди. - Андай аракет азыркы учурдун маанилүү принциптерине шек келтириши ыктымал. Мында акыры эмне менен бүтөөрү белгисиз коркунучтар катылган".

XS
SM
MD
LG