Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Италиянын тышкы иштер министри Ливияда атышууларды токтотууга чакырды


Франко Фраттини
Франко Фраттини
Фраттини парламентте сүйлөгөн сөзүндө ливиялыктарга гуманитардык жардамды жеткириш үчүн атышуулар токтотулушу зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, Триполиде абадан урулган соккудан карапайым тургундар да каза болгону НАТОго болгон ишенимди кетириши ыктымал. Өткөн жекшембиде НАТО кокус урган чабуулдарында куралсыз тургундарды да өлтүрүп алганын моюнга алган эле. Ал арада, Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи бүгүн билдиргендей, расмий Бейжин Ливиядагы оппозиция түзгөн Өткөөл учурдагы Улуттук Кеңешин “диалог жүргүзгөнгө маанилүү өнөктөш” деп тааныды.

XS
SM
MD
LG