Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу жардыкка кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, фонд аталган аймактагы шарттын катаалдыгынан, жакырчылыктын көбөйүшүнөн, инфрастуктуранын начар өнүккөнүнөн улам түзүлдү. Документке ылайык, Нарындагы тоо-кен ишканалары тапкан кирешесинин бир пайызын фондго которуп турмакчы. (EBM)