Армиянын расмий өкүлү, генерал-майор Атар Аббас төрт майор “Хизбут-Тахрир” экстремисттик тобу менен байланышы болушу мүмкүн деген шек менен суракка алынып жатканын бүгүн кабарлады. Алар камакка алына элек, ысымдары да аталган жок. Кечээ армия бригаданын командачысы Али Ханды “Хизбут-Тахрир” менен байланышта болушу мүмкүн деп камакка алган.