Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Human Rights Watch Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду


Human Rights Watch укук коргоо уюму июнь коогасы боюнча түзүлгөн эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнендин Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салуу жана “Фергана.ру” интернет баракчасына бөгөт коюу чечимдери боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Эл аралык укук коргоо уюмдары чечимдер өлкөдөгү сөз эркиндигине шек келитирип жаткандыгын айтып, парламенттен аларды жокко чыгарууга үндөп жатат.

“Кыргызстан үчүн сөз эркиндиги жана демократиялык жараяндар бүгүнкү күнү абдан маанилүү болуп турат. Позицияларды эркин билдирүүгө бөгөт коюу күтүлбөгөн жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн”, - деп эскертет уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Ол Солвэнг. (EK)

XS
SM
MD
LG