Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында “Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык адамдарды малайлыкка салып жана балдарды порнографиялык иштерге аралаштыруу үчүн эркинен ажыратуу чаралары каралган.
ИИМ министринин орун басары Жеңиш Жакыповдун айтымында, мыйзамга ылайык мындай иштерге кириптер болгон балдардын ата-энелери да кылмыш жообуна тартылат. Ошондой эле балдарды аракечтик, баңгилик, сойкулукка салгандар да мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Кылмыш кодексине кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ок чыгаруучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сактап, сатып жана алып жүргөн адамдарга да мыйзам чегинде чара катаалданды. (EK)