Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Президент кытайлык кыргыздарды кабыл алды


Президент Роза Отунбаева бүгүн Кытайдагы Кызыл-Суу автономдук облусунун губернатору Пархат Турду менен келген делегация өкүлдөрүн кабыл алды. Пархат Турду Кытайдан келген кыргыздар бул сапарынын алкагында Жалал-Абад, Таласта болгонун белгилеп, эртеңки күндөн тарта Ысык-Көл жана Нарын аймактарын кыдыраарын билдирди.

Президент Роза Отунбаева өз сөзүндө эки өлкөнүн кыргыз-кытай алакаларына токтолуп, Алматыда өткөн ШКУ саммити алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр өткөнүн белгилеп, Кытай Кыргызстан жолдору үчүн гранттык негизде 100 млн. юан берип жаткандыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда ошондой эле маданий жаатта кызматташуу маселелери тууралуу сөз жүрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. (EK)

XS
SM
MD
LG