Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Хелсинки комиссиясы Июнь коогасын талкуулады


Июнь окуясын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын сунуштарын кыргыз бийлиги аткарабы же жокпу бул олуттуу маселе, деди Карнеги фондунун Борбор Азия боюнча эксперти Марта Брил Олкотт Хелсинки комиссиясынын жыйынында. Талдоочунун пикиринде июнь окуясынын кесепеттерин жоюуга саясий күчүн болушунча жумшап жаткан президент менен тажрыйбасыз парламент ортосунда ажырым орун алып турат:
"Эл аралык комиссиянын сунуштарын четке каккан азчылыктын пикири Кыргызстандагы көпчүлүтүн пикирине доо кетирбейт деп ойлойм" деп ишендирди эксперт.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев жыйында комиссиянын бир топ сунуштарын кыргыз бийлиги эске алып жатканын, бирок макул болбой турган жагдайлар да бар экенин белгиледи.
Бүгүн өткөн Хелсинки комиссиясынын отурумунда Кыргызстандагы улуттар аралык кагылыш жана жалпы адам укуктарынын абалы талкууланды. (BuS)

XS
SM
MD
LG