Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

33 миң АКШ аскери Ооганстандан чыгарылат


АКШ аскерлеринин бир бөлүгүн 2012-жылга чейин чыгарып кетүү тууралуу президент Барак Обаманын билдирүүсүн Ооганстан президенти Хамид Карзай кубаттады.

- Кошмо Штаттар президентинин келээрки жылдын ортосуна чейин АКШнын 100 миң армиясынын 33 миңин чыгаруу жарыясын кубаттайбыз. Бул Ооганстандын пайдасы үчүн жасалган жакшы кадам. Мен Ооганстандын эли өз өлкөсүнүн коопсуздугун өзү коргошун каалайм.

АКШ президенти Барак Обама кечээ күнкү теле кайрылуусунда Америкага кайтарылчу аскерлердин 10 миңи ушул жылдын аягына чейин, 23 миңи 2012-жылдын сентябрына чейин чыгарыларын айткан. Ушу тапта Ооганстанда АКШнын 100 миң аскери бар.Ооган аскерлерин өз өлкөсүн коргоого даярдоо 2014-жылга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG