Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Беларус "Газпромго" акцияларын сатат


Беларус өкмөтү газ куурларындагы бардык акцияларын Орусиянын "Газпром" компаниясына 2 жарым миллиард долларга сатат. Беларус өкмөтүнүн маалыматына ылайык, вице-премьер-министр Владимир Семашко учурда Москвада "Белтрансгаздын" калган 50 пайызын сатуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

"Газпром" "Белтрансгаздагы" акциялардын жарымына буга чейин эле ээлик кылып келген. Ал компания аркылуу "Газпром" газдын бири бөлүгүн Европага сатат. Беларус ушул тапта башынан эң олуттуу экономикалык кризисти кечирүүдө.

XS
SM
MD
LG