Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Лейлектин тургундары жол тосту


Кечээ Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары Тажикстан менен байланыштырган чоң жолду тосуп, төрт саатка чейин унааларды өткөрбөй турушкан. Бул тууралуу Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саид Эратов “Азаттыкка” маалымдады.

Жол тоскондор Лейлек районунда жүргөн селден зыян тарткан суу каналын калыбына келтирүүнү, райондук суу чарба башчылыгынын мурдагы жетекчиси Асатовду кайрадан кызматка орноштурууну талап кылышкан. Эратов бул талаптарды негизсиз деп атап, Асатовдун иши сот аркылуу чечилиши керектигин, ал эми канал бир күн мурда калыбына келтирилгенин белгиледи. Саид Эратов нааразылык акциясын уюштургандарга тиешелүү чаралар көрүлөөрүн кошумчалады. (ZB)

XS
SM
MD
LG